17-апрелге карата аба ырайы


Бүгүн күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 19…24, Таласта 15…20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 21…26, Ысык-Көл менен Нарында 13…18 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек шаарында 21…23, Ош калаасында 23…25 градуска чейин көтөрүлөт.