Коом

Жалал-Абад ОИИБи: Саптык кароо жана сыйлоо өткөрүлдү

Бүгүн 1-июнда Жалал-Абад ОИИБдин имаратында саптык кароо өткөрүлдү. Өздүк курамдын жайкы мезгилге карата даярдыгы жана күнүмдүк жумушта керектелүүчү каражаттары текшерүүгө алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Мындан сырткары Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковнги Кылычбек Жолдошов өздүк курамды санитардык нормаларды сактоого жана элге азыркы кырдаалды туура түшүндүрүүгө чакырды.

Ошондой эле өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, кызматтык ишмердүүлүктөгү мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендиктери жана Криминалист кызматынын түзүлгөн күнүнө карата Жалал-Абад ОИИБдин Ыкчам-криминалистикалык бөлүмүнүн кызматкерлери ардак грамоталар менен сыйланышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button