Президенттин Иш башкармалыгына караштуу «Эйр Кейджи авиакомпаниясы» мамлекеттик ишканасы жоюлду. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
«Эйр Кейджи» авиакомпаниясы 2023-жылы президенттин Иш башкармалыгына өткөрүлгөн. Ага чейин ал «Манас» эл аралык аэропорту» компаниясына (азыркы «Кыргызстан аэропорттору» компаниясына) караштуу болгон.
«Эйр Кейджинин» расмий сайтындагы маалымат боюнча, авиакомпания «Манас» эл аралык аэропортунун” Директор кеңеши тарабынан түзүлгөн.

