Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда


Аламүдүн районундагы Васильевка айылында Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жаранды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн издөө иштерин жүргүзүүгө Ысык-Ата райондук өрт-куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылды.

Эске салсак, 15-апрель күнү «112» кызматына Чу дарыясына 1990-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол убактан бери издөө тынымсыз улантылып жатат.

Буга чейин Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу ИИМден, УКМКнын чек ара кызматынан жана туугандарынан издеп жатышкан.

Кошумча маалымат берилет.