Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүүсү күтүлөт


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелден 20-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.