Коом

Бразилияда бир сутка ичинде 1349 жаран вирустан каза болду

Бразилиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө бир сутка ичинде каза болгондордун саны 1 миң 349ду түзүп, инфекция жуккандардын саны 28 миңге көбөйдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары Жон Хопкинс университетинин сайтында жазылган маалыматка таянып жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөдө бир күн мурун сутка ичинде 1 миң 262 адам көз жумган.

Учурда, Бразилия коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда, өлүмгө учурагандардын саны боюнча төртүнчүдө.

Бүгүнкү маалымат боюнча 584 миң 16 адам вирус жуктуруп алса, айыккандардын саны 238 миң 617ге жетип, ал эми каза болгондордун саны 32 миң 548ди түздү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button