Бүгүндөн тарта Бишкекте ысык суу 40 күнгө өчүрүлөт


Бүгүн, 21-апрелден тарта Бишкекте ысык суу 40 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ысык суу 21-апрелден 31-майга чейин жок болот. Ал жылуулук жабдыктарын, түйүндөрүн, отканаларды кыш мезгилине даярдап, оңдоо иштерин жүргүзүү максатында өчүрүлөт.

Былтыр Бишкекте ысык суу 22-апрелден 1-июнга чейин өчүрүлгөн.