Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу АКШдагы турнирде алтын медаль утту


Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025 USA Boxing International Open эл аралык турниринин финалында Сейитбек уулу Жеримия Муньоз аттуу америкалык спортчуну жеңген.
Ал буга чейинки баскычта дагы бир америкалык боксчу Дэрл Брэутенди жеңип финалга чыккан.
Ушул эле турнирден Анвар Ходжиев (50 кг), Зафарбек Камилов (55 кг), Ихтияр Нышанов (70 кг) алтын, Элдар Турдубаев (70 кг) күмүш жана Алмаз Орозбеков (65 кг) коло медаль алышты.