Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылынан өткөн Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу анын жубайы билдиргенин СЕРЕП МЕДИА жазды.
Анын айтымында, жолдошунун сөөгү бүгүн, 21-апрелде жерге берилет.
ӨКМ маалымат таратып, 20-апрель күнү Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы жарандын жансыз денеси табылып, ӨКМ куткаруучулары тарабынан суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилгенин билдирди.

