Коом

Лейлекте балдар 1952-жылы курулган мектепте окушат

Баткен облусунун Лейлек районундагы Булак-Башы Орто мектеби авариялык абалда. Учурда мектепте 400 бала билим алат.

Мектеп 1952-жылы курулган . Билим берүү мекемесин ӨКМ 2014-жылы пайдаланууга болбойт деген чечим чыгарган. Колдонууга жараксыз мектепте билим алган балдардын ата-энелери, балдардын коопсуздугунан коркушат.

Мектептин полдору түшүп, дубалдары урап, эшик-терезелеринин жыгачтары чирип баштаган. Булак-Башы айылынын жашоочулары өкмөткө мектепти жаңылап берүү талабы менен кайрылышууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button