Коом

Москвадан Ош шаарына 355 кыргызстандык кайтып келди

Бүгүн, 13-июнь күнү Москвадан Ош шаарына 355 кыргызстандык жаран, анын ичинде кийинекей балдар кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, мекенине кайтууну каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, келе турган жарандардын тизмеси Москвадагы кыргыз медициналык клиникаларынын дарыгерлеринен, кыргыз диаспорасынын, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлгөн.

Тандоо жарандардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлүп, негизинен бул каттамга кош бойлуу жана 2 жашка чейинки кичинекей балдары бар аялдар тандап алынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button