Коом

Э. Макрон: «Мен сиздер менен чогуу ушул биринчи толкунду жеңгенибизге кубанычтамын»

Франция коронавирус инфекциясынын биринчи толкунун жеңди. Бул тууралуу өлкө президенти Эммануэль Макрондун  инфекцияга байланыштуу элге кайрылуусунда түз эфирде айткандарына таянуу менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

«Эпидемия менен күрөш бүтө элек. Бирок мен сиздер менен чогуу ушул биринчи толкунду жеңгенибизге кубанычтамын», — деген Макрон.

Анын айтымында, өлкөдө чектөөлөрдү алып салуунун жаңы этабы башталат. Француздар 15-июндан тарта Евро Биримдикке кирген өлкөлөргө, ал эми 1-июлдан баштап эпидемиологиялык абалы коопсуз болгон башка мамлекеттерге бара алышат. Мындан тышкары борбор шаардагы бардык ресторандар ачылат. Маалым болгондой, пандемияга байланыштуу Франция чек арасын 17-мартта жапкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button