Коом

«Алай» футбол клубунун оюнчулары 3 айдан бери айлыктарын ала албай жатышат

Ош шаарынын «Алай» командасынын оюнчулары клубдун вице-президенти Сейит Аматовду кызматтан алууну талап кылышууда. Мындан улам оюнчулар эки күндөн бери мэриянын алдына чогулуп Таалайбек Сарыбашов менен жолугууну күтүп жатышат.

Оюнчулардын айтымына караганда, клубда эки жылдан бери баш аламандык орун алууда. Командага жетекчилик тарабынан колдоо көрсөтүлбөй, акыркы үч айдан бери оюнчулар айлык акы алыша элек.

«Бул нааразычылык айлыктын айынан эле чыгып жаткан жок. Баардык көйгөйлөр чогулуп калган. Былтыры, мурдагы жылы дагы ушундай нерселер болгон. Жетекчилик тарабынан айлыкты бербей, айып пул салып баш аламандыктар болуп келет. Азыр оюнчулар «Алайдын» вице-президенти Сейит Аматовго нааразы болуп, мэрге келишти. Мэр биз убагында акчаны бөлүп турганбыз деп айтып жатат. Клуб өнүгүш үчүн жаңыланыш керек»,— деди оюнчулар.

Бул маалыматты мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров дагы тастыктады. Ал эми оюнчулар эки күндөн бери мэрге жолуга албай жатканы боюнча маалыматты четке какты.

«Оштун «Алай» клубун мэрия буга чейин каржылап келген. Мындан кийин дагы каржылайт. Футболисттерге эч кандай маселе болбойт. Толук шарт түзүлөт. Бүгүн оюнчулар менен мэр жолугат. Футболисттер азыр айтып жатат. Бир эле каржы маселелери эле эмес, клубдагы жетекчилери менен оюнчулардын ортосунда келишпестик да бар экен. Нааразычылыктар бар экен аны сезип турабыз. Бирок кандай маселе болбосун футболчуларды шаардык мэрия колдоого көмөк көрсөтүүгө дайым даяр»— деди Абсаттаров.

«Алай» футболдук клубу 1960-жылы негизделип, Кыргызстандын төрт жолку чемпиону болгон. Кыргызстандагы эң чоң клуб болуп эсептелет. «Алай» клубу 1960-жылы алгач «Ош» деп түзүлүп, кийин «Алай» деп өзгөртүлгөн.

Булак: t-media.kg

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button