Коом

Акыркы суткада 54 бейтап айыгып, 2 бейтап оорудан каза болду

Бүгүн, 17-июнь саат 10:00гө карата өлкөдө дагы 54 бейтап коронавирустан айыкты делинип үйлөрүнө чыгарылды. Ал эми  коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен дагы экөө каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө маалымат жыйында билдирди.

Муну менен өлкө боюнча илдеттен айыккандардын саны жалпы 1 миң 901 болсо, каза болгондордун саны 30га жетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button