Бүгүн республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас аймагында +19…+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +24…+29, Ысык-Көлдө +14…+19, Нарын өрөөнүндө +13…+18 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +24…+26, Ош шаарында +27…+29 градуска көтөрүлөрү айтылды.

