Жыл башынан бери Кыргызстан 17 миң тонна картошка экспорттоду


Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан 23-апрелине чейинки мезгил аралыгында 17 017,5 тонна картошка экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, анын ичинен:

Азык-түлүк картошкасы — 16 894,5 тонна;
Үрөн картошкасы — 123 тонна.
Картошка Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Беларуска экспорттолду.

Ошондой эле бул аралыкта 11 миң 752,8 тонна картошка импорттолгон. Анын ичинен:

Азык-түлүк картошкасы — 10 019,7 тонна;
Үрөн картошкасы — 1 733,1 тонна.
Кыргызстанга картошка Кытай, Монголия, Пакистан, Нидерланды, Германиядан импорттолгон.