24-апрелде «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер күнөөлүү деп табылып, үч жылдык пробация менен абактан бошотулду.
Мындай чечимди Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы чыгарды.
- Бишкек ШИИБ маалымат таратып, добуш сатып алууга шектелип “Социал-демократтар” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалганын билдирген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

