КоомСаясат

Фото — Президент Москвага учуп келди

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июнда, Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button