Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 23-24-апрель күндөрү калаадагы коомдук жайларда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантышты.
Бул ишке Ош шаардык милициясында кызмат өтөгөн аял кызматкерлери, УКМК Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын, президентке караштуу Дин иштери жана улут аралык мамилелер боюнча агенттиктин жана Ош шаардык казыяттын аял кызматкерлери тартылды.
Анын алкагында коомдук жайларда жүзүн толугу менен жаап жүргөн 300гө жакын адам аныкталып, мыйзамдын беренелери жазылган китепчелер таратылып, эскертүүлөр берилди.