Кара-Суу дарыясынан ок-дарылар табылды


Кара-Суу РИИБдин эктремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматына Кара-Суу районунун аймагында жаран ок-дарыларды сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Анын жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталып, анын көрсөтмөсүнүн негизинде Ак-Буура дарыясына кароо жүргүзүлүп, жалпы 75 даана 5.45 калибрлүү ок табылган.

Учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары уланууда.