Коом

Дары-дармекти негизсиз көтөргөндөргө жумушчу топ түзүлдү

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Алмазбек Баатырбеков дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга карата баанын өсүшү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматты кызматынан билдиришти.

«Эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу COVID-19 дарылоого пайдаланылган дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдардын бааларына чектелген кошумча бааны орнотуу аркылуу бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү мүмкүндүгү каралууда», — деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков. 

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментине тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Республикалык ыкчам штабга дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга карата бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана дары-дармек каражаттарына жана медициналык багыттагы буюмдарга баанын негизсиз көтөрүлүшүн мониторнгдөө жана ага ыкчам жооп кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүү боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button