Коом

Канада чет элдиктер үчүн каралган тыюу салуулардын мөөнөтүн узартты

Канада бийлиги өлкөгө кирүү боюнча чет элдик жарандардын көпчүлүк категориясы үчүн белгиленген тыюу салуулардын мөөнөтүн 31-июлга чейин узартты. Бул тууралуу 30-июнь күнү өлкөнүн Чек ара кызматы боюнча агенттигинин өкүлү Ребекка Пурди CBC телеканалына билдирген.

Коронавирустук инфекциянын жайылышынан улам алгач бул чектөөлөр 16-мартта киргизилген. Чектөөлөр АКШ жарандарына жана Канаданын туруктуу резиденттерине, ошондой эле дипломаттарга, өлкө жарандарынын жакын туугандарына, мезгилге ылайык убактылуу иш алып баруучу жумушчуларга жана чет өлкөлүк студенттерге тиешеси жок.

Белгилей кетчү нерсе, Канадада COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 103 918 адамга жетсе, оорунун кесепетинен улам 8566 адам бул дүйнө менен кош айтышкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button