Коом

Байден Россияга карата катаал саясат жүргүзүүгө камданууда

Демократтардын ичинен АКШ президенттигине өз талапкерлигин койгон жана алда канча ишенимдүү келе жаткан Жо Байден шайлоодон жеңип чыга турган болсо Россияга карата катаал саясат жүргүзөт. Бул тууралуу өз оюн ал Делавэр штатында журналисттер менен болгон жолугушууда билдирген.

Журналисттердин Путин аны АКШ президенти катары көргүсү келбей тургандыгы тууралуу билдирүүсүнө Жо Байден: — «Мен Вице-президент болуп турганымда РФ президенти Путин менен бир нече жолу ачык-айкын баарлашкам.

Мени АКШ президенти катары көргүсү келбей жаткандыгынын бирден-бир себеби ошол баарлашуулар болуусу ыктымал»-деп жооп узаткан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button