Россиянын аймагында жүргөн КР жарандарынын укуктарын коргоодо Элчиликтин жасаган иштери жарыяланды


Россиянын аймагында жүргөн КР жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө  Элчиликтин 2025-жылдын 1-кварталында аткарган иштери тууралуу Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинен билдиришти. 

Акыркы жылдары, Россия Федерациясынын аймагында мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга багытталган миграция жаатында  бир катар мыйзамдар кабыл алынды.  Буга байланыштуу, Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги күчөтүлгөн тартипке иштеп жаткандыгын белгилейбиз.

Стастистикалык маалыматтар менен мисал келтирсек, Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо иштери боюнча Элчилик тарабынан 2025-жылдын 3 айында былтыркы жылдын ушул үч айына салыштырмалуу  төмөндөгүдөй иштер аткарды.

  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча Россиянын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде иш берүүчүлөр менен 126 жолугушуу өткөрүлгөн, былтыркы жылы ушул аралыкта 82 жолугушуу өткөрүлгөн, пайыздык катышта алсак, бул көрсөткүч 150% га көбөйгөн;
  • документтештирүү боюнча 45031 консулдук кызмат көрсөтүлгөн, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 160%га көбөйгөн, былтыр ушул мезгилде 28275  кызмат көрсөтүлгөн;
  • жарандарынын укуктарын коргоо жаатында 3843 консулдук иш-аракет аткарылган, бул 13% га көбөйгөн. 2024-жылы  – бул сан  3708ди  түзөт.
  • укук коргоо, сот, миграция органдарына, медициналык мекемелерге, өлүкканаларга, аэропортторго, «Сахарово” Борборуна, түзөтүү мекемелерине, консулдар, жалпысынан 139 жолу барышкан. Бул көрсөткүч былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 187% га көбөйгөн. 2024-жылы – бул сан 74тү түзгөн.
  • ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек 13 бала мекенине кайтарылган, турмуштук оор кырдаалга кабылган 8 жаранга мекенге кайтарууга көмөк көрсөтүлгөн;
  • Консулдук кызмат көрсөтүү максатында Хабаров крайында, Самара, Оренбург жана Иркутск облустарында, Якутскиде соттолгон жана түзөтүү мекемелерде жазасын өтөп жаткан Кыргызстаныдын 77 жаран менен жолугушуп келишкен. Бул көрсөткүч -былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу  240% га көп экенин көрүүгө болот. Мисалы, 2024-жылдын ушул аралыгында, консулдар түзөтүү мекемелерге 7 жолу барышкан, анын алкагында  26 жаран менен жолугушуу өткөрүшкөн;
  • Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Россиянын аймагында каза болгон 18 жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлгөн. 2024-жылдын ушул аралыгында  – 8 жарандын сөөгү жөнөтүлгөн;
  • Консулдар, жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча 17 соттук отурумга катышышкан;
  • административдик жоопкерчиликтен бошотуу/административдик жоопкерчилигин жеңилдетүү маселелери боюнча 73 жаранга көмөк көрсөтүлгөн.
  • ыкчам байланыш телефондору аркылуу кайрылган 27806 жаранга консулдук-укуктук консультациялар берилген, алардын ичинен социалдык тармактар аркылуу – 8151 жаранга консультация берилген.
  • Мындан тышкары, Элчилик тарабынан жарандарды жазык жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүү, эмгек акысын өндүрүп берүү, жарандар арасында  түшүндүрүү иштери жүргүзүу, кыргыз диаспоралык уюмдарынын жана коомдук бирикмелер менен биргеликте иш-чараларды өткөрүү сыяктуу тынымсыз иштер аткарылууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн 3 айлык статистикага таянсак, Кыргыз Республикасынын Россиядагы  элчилигине жарандардын кайрылуусу былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу  эки эсе көбөйгөнүн байкоого болот.

Ал эми, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы статистикага ылайык Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Владивосток, Якутск, Южно-Сахалин, Сургут, Иркутск жана Красноярск шаарларындагы Канцеляриялар менен биргеликте, Россиянын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына 300 миңден ашык кызмат көрсөтүлгөнүн көрүүгө болот.