29-апрелге карата аба ырайы


Бүгүн күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30…+35, Талас аймагында +25…+30, Ысык-Көл өрөөнүндө +21…+26, Нарын жергесинде +23…+28 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +32…+34, Ош шаарында +33…+35 градуска чейин көтөрүлөт.