«Ала-Арча» жаратылыш паркына 1-майдан тарта электр унаалардан башка унаалар киргизилбейт


Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Ал эми бүгүн, 30-апрелде «Ала-Арчада» санитардык күн өткөрүлүп, аймакты тазалоо жана жаңыланган көзөмөл-өткөрмө пунктунун аймагына асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт. Ага байланыштуу жаратылыш паркка унаалар киргизилбейт.

Аны менен бирге «Ала-Арчанын» аймагына мейманкана менен ресторандарды алдын ала брондогондор гана киргизилет.

«Ошондой эле, парк ичинде жүрүүгө убактылуу чектөөлөр киргизилет. 1-майдан тарта парк кадимки тартипте иштей баштайт», — деп айтылат маалыматта.