Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, өлкөгө кайтып келгендердин көпчүлүгү мексикалык жарандар.
Мексиканын президенти Клаудия Шейнбаум билдиргендей, Дональд Трамп бийликке келгенден бери 33 311 мексикалык, 5 446 чет өлкөлүк жаран кайтты.
Эми чет өлкөлүктөр мамлекеттине өз эрки менен кетүүгө макул болсо, авиакаттамдар уюштурулат. Кээ бир учурларда гана Мексиканын аскер-аба күчтөрүнүн учактары тартылат.

