Коом

Бразилиялык журналисттер президент Джейр Болсонараны сотко берүүнү көздөөдө

Бразилиялык журналисттер президент Джейр Болсонараны сотко берүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Бразилиянын Пресс Ассоциациясынын (ABI) расмий билдирүүсүндө айтылат.

Президент журналисттерге коронавирус жуккандыгын жарыялаган конференцияда, журналисттерди тобокелге салганы аныкталган.

Кечээ, 7-июлда, президенттен коронавирус аныкталган.

Болсонару беткапчан пресс-конференцияга келип, бирок к аралыкты сактаган эмес. Андан кийин ал өзүн жакшы сезип жаткандыгын көрсөтүү үчүн бет капты чечип  салган.

«Президент Болсонару  коронавирусту жуктуруп алгандыгын билсе да, ал кылмыштуу иш-аракеттерин улантып, башка адамдардын өмүрүн тобокелге салган», — дейт ассоциация.

Президент Бразилиянын кылмыш кодексинин «дарыгерлер тарабынан сунушталган обочолонуу режимин бузгандыгы» үчүн айыпталып, камакка алынышы мүмкүн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button