УКМК: Балыкчыдагы 10 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


КР УКМК Балыкчы шаарынын аймагында канаттуулар фабрикалары жана чарбалык курулуштар жайгашкан 10 га жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.


Мындан улам, жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен жогоруда аталган жер тилкеси имараттар менен бирге мамлекеттик баланска кайтарылды.
Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.