Кыргыз Республикасынын Президентинин 07.12.2022-жылдагы 388 сандуу Жарлыгы менен “Укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан ишкердик субъекттерге жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдү каттоонун тартиби жөнүндө” Жобо бекитилген. Жобонун талаптарына ылайык, прокуратура органдары — укук коргоо органдары тарабынан кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын алкагында жүргүзүлүүчү тергөөгө чейинки текшерүүлөр боюнча ишкердик субъекттерге карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү каттого алат. Ошондой эле, салык кызматы тарабынан жүргүзүлө турган камералдык текшерүү жана көчмө текшерүүлөрдү кошпогондо (уюмду жоюуда, жеке ишкердин ишин токтотууда, уюмду жана жеке ишкерди банкрот деп таанууда жүзөгө ашырылуучу пландан тышкары көчмө текшерүү, тематикалык көчмө текшерүү) салык мыйзамдарында каралган башка текшерүүлөр прокуратура органдарынан катталууга тийиш.
Текшерүүчү органдарга жогоруда айтылгандай прокуратура органдарына каттоого жаткан текшерүүлөрдү каттоосуз жүргүзүүгө уруксат берилбейт. Ал эми, каттоосуз жүргүзүлүүчү текшерүүлөр мыйзам бузуу деп эсептелинип, мындай текшерүүлөрдүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылат.
2025-жылдын 3 айында райондун прокуратурасы тарабынан “Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасына укук коргоо органдарынан жана салык кызматынан жалпысынан келип түшкөн 129 текшерүү актысы жана өтүнүчтөрдүн ичинен 124 текшерүү актысы боюнча каттоо жөнүндө чечим кабыл алынса, калган 5 текшерүү актысы боюнча текшерүүнү каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынып, тийиштүү корутундулар түзүлгөн.
Эгерде текшерүүнү каттоо жөнүндө өтүнүчтө каттоо жөнүндө штамп жана QR код («Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системада текшерүүлөр катталган учурда) жок болсо, ишкердик субъект текшерүүчү органдын кызмат адамына текшерүү жүргүзүүгө жол бербөөгө укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан ишкерлер үчүн атайын “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, азыркы учурда жеке ишкерлер арасында кенен колдонууда.
Аталган тиркеменин негизги максаты – укук коргоо органдары жана салык кызматы тарабынан ишкердик субъектилердин ишине негизсиз кийлигушүүсүн четтетүү, аларды укуктук жактан коргоону күчөтүү, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө коррупциогендик тобокелдиктердин пайда болушуна каршы аракеттенүү болуп эсептелинет. Тиркемени “Google Play” жана “App Store” уюлдук программалар аркылуу көчүрүп алууга болот. Тиркемени көчүрүп алып, катталгандан кийин текшерүүчүлөрдөн келип түшкөн текшерүү актыларында көрсөтүлгөн QR-код аркылуу текшерүүчүнүн прокуратура органдарынан текшерүү үчүн каттоодон өткөндүгү же каттоодон өтпөгөндүгү жөнүндө ишкер маалыматка ээ болуп, фото жана видео материалдарды тиркөө менен текшерүүчүлөрдүн аракеттерине карата прокуратура органдарына түз даттанууга мүмкүнчүлүк берет.

