Эртең «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери иштебейт


Эртең, 1-майда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл өткөрмө бекеттери бир күнгө жабылат. 

Кытайда Эмгек күнү майрамдала тургандыктан, коңшу мамлекеттин демилгеси менен «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери 1-майда иштебейт. Алар 2-майда ачылат.