ӨКМ кызматкери Канат Молдосанов дүйнө салды
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8-атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук техниги Молдосанов Канат Жумабекович 42 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Молдосанов Канат Жумабекович 1978-жыл 3-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кайырма айылында туулган.
Билими атайын орто, 1995-жылы № 47 кесиптик техникалык окуу жайын аяктаган.
Эмгек жолу:
1996-1998-жылдары № 22058 аскердик бөлүгүндө айдоочу.
1999-жылдын январь айынан тарта Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Бишкек шаардык өрткө каршы мамлекттик кызмат бөлүмүнүн №8 адистештерилген бөлүгүндө айдоочулук кызматтарда аркалап, бүгүнкү күндө бөлүмдүн улук техниги кызматында иш алып барып келген.
улук прапорщик Канат Молдосановдун алган сыйлыктары:
2009-жылы КРнын ӨКМнин «Кынтыксыз кызматы үчүн» III даражадагы медалы менен, «Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын 85 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган.
2012-жылы Президенттин атайын сааты менен сыйланган
2013-жылы «Кынтыксыз кызматы үчүн II-даражадагы» медаль менен сыйланган
Канат Молдосанов үй-бүлөөлүү 4 баланын атасы
улук прапорщик Канат Молдосановдун үй-бүлөөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көнүл айтып
З.Аскаров, Д.Алимбеков, А.Мамбетов, Р.Рысбаев, К.Ахматов, А.Чаргынов, Б.Оторбеков жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы эмгек жамааты