Коом

Быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыш болоору айтылды

Күзүндө Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы күтүлүп жатканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөргөн. Ал белгилегендей, суунун азаюу мезгилинин башталгандыгына өзгөчө көңүл буруу керек.

Баатырбековдун айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2019-жылдын 1-октябрына карата 17,2 миллиард куб метрди түзгөн. Ал эми 2018-жылдын ушул мезгилинде — 19,2 миллиард куб метр, 2017-жылы болсо 19,6 миллиард куб метр болгон. Ушул жылдын 1-октябрына карата алдын ала эсептер боюнча, суунун көлөмү 14,9 млрд куб метр болору күтүлүүдө.

Өкмөт өкүлү кошумчалагандай, энергетика компанияларынын жетекчилери келе жаткан күз-кыш мезгилинен кыйынчылыксыз өтүү үчүн суу ресурстарын рационалдуу пайдалануусу, электр жабдууларын жана жылытуучу от казандарын оңдоо-даярдоо боюнча иш-чараларды толугу менен аткаруусу зарыл.

Жооптуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жылытуу мезгилине сапаттуу даярдык көрүү үчүн бир катар тапшырмалар берилген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button