9-майга карата аба ырайы


Бүгүн өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Нарын чөлкөмдөрүндө 23…28, Талас өрөөнүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 25…30, Ысык-Көл жеринде 22…27 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 24…26 жана Ош шаарында 26…28 градусту көрсөтөт.