Садыр Жапаров Москва шаарына барды


Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-майда, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн Москва шаарына барды.

Мамлекет башчынын учагы «Внуково 2» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Мамлекет башчысына мындан туура 80 жыл мурда 1945-жылдын 9-майында жарык көргөн «Кызыл Кыргызстан» жана «Правда» гезиттеринин тарыхый сандарынын көчүрмөлөрү тапшырылды. Алардын беттеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш тууралуу алгачкы расмий билдирүүлөр жарыяланган.

Эске сала кетсек, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров чет мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчылары менен бирге Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү юбилейлик Жеңиш парадына катышат.

Алдыда боло турган салтанаттуу иш-чарага Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Параддык бөлүгү да катышмакчы.