Бишкек мэриясы фонтанга түшпөөгө чакырды


Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачёва ата-энелерге өтүнүч менен кайрылды.
Ал «Ала-Тоо» аянтындагы фонтанга балдар түшкөн учурлар бар экенин, бул коомдук тартипти гана бузбастан, өмүргө коркунуч жаратарын эскертти.
«Фонтандын жарыктары менен насостору электр тогу менен иштейт. Андыктан сууга түшкөнгө болбойт», — деген Мозгачева.
Былтыр аянтта газдын жардамы менен иштеген оттуу фонтандар ачылган.