Ооганстанда 240ка жакын окуучу кыз ууланды


Ооганстанда 240ка жакын окуучу кыз сабак учурунда өзүн начар сезип, абалы оорлоп, мугалимдер дарыгер чакырууга мажбур болушканын «Азади» билдирди. Окуя Дайкунди провинциясына караштуу Кайт районунда башталгыч мектептердин биринде болгон.

«Азади» радиосу жарыялаган видеодон кыздарга медициналык жардам берилип жатканын көрүүгө болот. Алар кайсы бир вируска чалдыккан же ууланган болушу ыктымал экени айтылууда. Бирок так себеби белгисиз.

Дарыгерлер кыздардын баарынын деми кыстыгып, жүрөгү айланып кыйналганын, айрымдарын абалы оорлогондуктан ооруканага жаткырууга мажбур болушканын айтып беришти.

Ушундай эле окуя аталган райондогу мектептердин биринде былтыр да катталган. Анда да 80ге жакын окуучу кыздын жана мугалимдердин деми кыстыгып, дарыгерлерди чакыртышкан.

Окуучу кыздар жапырт ууланган фактылар ага чейин да катталып келген.