Саясат
Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көлгө иш сапары менен барат
Президент Сооробай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 3-4-август күндөрү эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Ак-Суу районунда коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартындагы медициналык жана айыл чарба объектилеринин, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү, мындан сырткары калкты таза суу менен камсыздоо жана ички жолдорду оңдоп-түзөө боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышат.