Айсулуу Тыныбекова мыкты балбан деп аталды


Айсулуу Тыныбекова Азия кыз-келиндеринин арасында 2024-жылдын жыйынтыгы менен эң мыкты балбан деп таанылды. Бул тууралуу UWW Asia соцтармактагы баракчасына жазды.
Аталган чечимди федерация кабыл алган. Тыныбекова өткөн жылы Азия чемпионатында жеңишке жетип, Парижде өткөн Олимпиададан коло байгеге ээ болгон.