Коом

Байден АКШнын вице-президенттигине талапкерди тандап алды

Президенттик шайлоого Демократиялык партиядан чыгып жаткан Жо Байден сенатор Камала Харристи вице-президенттикке талапкер катары тандап алгандыгын жар салды.

«Мамлекеттик кызматты кынтыксыз аткарып келе жаткан Камала Харристи тандап алгандыгым тууралуу жарыялоо мен үчүн чоң сыймык», — деп жазып калтырган Байден в Twitter баракчасына.

Эгерде 77 жаштагы Байден президенттикке өтүп кетсе, Камала АКШнын тарыхында биринчи вице-президент аял, анан калса кара терилүү саясатчы болуп калмакчы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button