Коом

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке пайда болот

Бишкек шаардык мэриясы борбордук көчөлөрдөгү жол тармагын өзгөртүүнү пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта вице-мэр Азиз Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, сөз Абдрахманов, Токтогул, Киев көчөлөрү жана Чүй проспектиси тууралуу болуп жатат.

«Мэрия коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке түзүүнү пландоодо. Мындан тышкары бул тилкелердин боюнда унаа токтотуучу жер болот. 2020-жылдын аягына чейин жетекчиликтин алдына унаа токтотуучу жерлерди жана андан түшкөн кирешени көбөйтүү тапшырмасы коюлду», — деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button