Коом

Бишкекке Москвадан Кыргызстандын жарандары кайтып келди



«Манас» эл аралык аэропортунда 23-августта «Урал авиакаттамдары» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Кыргызстанга Россиядан 236 КР жараны кайтып келди, анын ичинде 18 жаш бала да бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанга төрөтү жакындап калган кош бойлуу аялдар, жаш балдары бар аялдар, ошондой эле кайтууга муктаж болгон жарандар (оор илдеттери барлар, хирургиялык операция жасаткандар, туугандарын жоготкон жана башка оор турмушка кептелген жарандар) учуп келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү иштери улантылууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button