Коом

3 партия БШКга документтерин берүүгө жетишкен жок

Борбордук шайлоо комиссиясына 3 саясий партия Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу талапкерлердин тизмесин берүүгө жетишкен жок. Партиялардан тизмелерди алуу иштери 24-августта саат 18:00дө аяктады.

Документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов журналисттерге билдирген маалымат боюнча, «Нур», «Тартип-Порядок» жана «Жашылдар партиясы» документтерин берген эмес.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button