Адахан Мадумаров: «БШКнын үстүнөн сотко кайрылабыз»
Бүгүн, 4-сентябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери жана мүчөлөрү маалымат жыйын берип жатышат.
Анда партиянын лидери Адахан Мадумаров жана партия өкүлдөрү кечээги, 3-сентябрда БШКнын «Бүтүн Кыргызстан» партиясы техникалык ката кетиргени үчүн шайлоодон четтетүү боюнча чечимине каршы экенин билдиришүүдө.
Партия лидери Адахан Мадумаров:
«Шайлоого катышууга үмүтүбүз чоң. Сотко кайрылабыз . “Бүтүн Кыргызстан” партиясын ЖК га жолотпоо керек болуп жатат. Биз өзгөрүү алып келели дегенбиз. Бизди маарага жеткирбей алып коюп жатат. Шылтоосу Т.Бакир уулу» , — деди.
Эске салсак, 3-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуусуна уруксат
берген жок. Комиссия
партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартты.