Коом

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөө бүгүн таңкы саат саат 05:57де катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң Алай районунун Жар-Башы, Күлчү, Чак, Жаш-Тилек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button