Саясат

Лукашенко тымызын ант берди. Инаугурациянын датасы алдын-ала айтылган эмес


Александр Лукашенко Беларусь мамлекетинин президентинин ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Инаугурация салтанаты Минск шаарындагы Эгемендик ордосунда өттү. Бул тууралуу БелТА басылмасы жазды. Инаугурация тымызын даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес.

Беларусь Республикасынын Конституциясына ылайык, президент ант бергенден кийин ыйгарым укуктарын аткарып баштайт.

Белгилей кетсек, Александр Лукашенко оң колун Конституцияга коюп, беларуссь тилинде ант берди. Ал ант бергендиги тууралуу актка кол койгондон кийин Шайлоо жана республикалык референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Лидия Ермошина Беларусь Республикасынын президентинин күбөлүгүн тапшырды.

Маалым болгондой, Беларуссияда президенттик шайлоо 9-августта өткөн.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button