Коом
COVID-19: Бир суткада 104 адамдан вирус чыкты
Кыргызстанда 28-сентябрь саат 11:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 104 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 64 адамда коронавирус аныкталса, 40 бейтап пневмонияга кабылган.Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Анын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 46 миң 355 адамга жетти.