2025-2026-окуу жылында мектептерде өткөн окуу жылындагыдай эле физика, химия, биология, география предметтери окутулат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Ошондой эле 7-8-9-класстарда бул төрт предмет боюнча жумалык жүктөм сааттары сакталат: физика — 2 саат, биология — 2 саат, география — 2 саат; ал эми химия 12 жылдык мектептин программасында 7-класстан баштап 1 сааттан, 8-9-класстарда 2 сааттан киргизилет.
Бул предметтер боюнча мугалимдер өткөн окуу жылындагыдай эле ата мекендик окуу китептерин колдоно алышат.
Мектеп үчүн негизги ченемдик документтердин иерархиясы:
Жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты.
Базистик окуу планында каралган предметтер боюнча предметтик стандарттар жана бардык предметтер боюнча окуу программалары.
Базистик окуу планы, анда билим берүү чөйрөлөрү жана аларга тиешелүү предметтер көрсөтүлгөн.
Окуу-методикалык комплекстер/Окуу китептери.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2025-2026-окуу жылында киргизилип жаткан жаңылык — «Маршал Кавендиш» басмасынан чыккан физика, химия, биология боюнча окуу-методикалык комплекстер/окуу китептери.
«Бул окуу китептери предметтер аралык интеграция принциби боюнча иштелип чыкканына жана бир эле китепте илим, биология, физика, химия боюнча мазмун камтылганына карабастан, мугалимдер салттуу ыкма менен окута алышат. Тактап айтканда, 1 жумада бардык предметтер (физика, химия, биология) сабак тартибине киргизилип, бул окуу китеби календардык-тематикалык планга ылайык колдонулат.
Мугалимдер кыска мөөнөттүү кесиптик кайра даярдоодон өтүп, жогорку билимин тастыктаган документке кошумча кесиптик билими тууралуу диплом алышкандан кийин гана (химия, физика, биология боюнча) табигый-илим багытындагы бардык предметтерди тоскоолдуксуз окутууга мүмкүнчүлүк ала алышат.
Кесиптик кайра даярдоо системасына (жогорку билимге ээ болгон адистер үчүн), ошондой эле жогорку окуу жайларындагы педагогикалык кадрларды даярдоо системасына киргизүү жолу аркылуу кыска мөөнөттүү даярдоо этап-этабы менен башталат, мисалы, даярдоо багыттарынын реестрине кошумча адистик катары киргизүү аркылуу, мисалы, негизги адистиги химик, кошумча адистиги физик сыяктуу», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

