Саясат

Президент, премьер-министр жана спикер кайсы шайлоо участогунда добуш берээри айтылды

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо  Президент, премьер-министр жана спикер кайсы шайлоо участогунда добуш берээри tizme.gov.kg сайты боюнча көрсөтүлдү.

Президент Соронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарында шайлоого катышат. Ал эми Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Аламүдүн районунда добуш берет.

tizme.gov.kg сайтындагы маалымат боюнча, Сооронбай Жээнбеков №1327 шайлоо участогунда (№5 мектеп-гимназия), спикер №1050 шайлоо участогунда (№72 мектеп), премьер-министр №1105 шайлоо участогунда (№62 мектеп) катталган.

Жогорку соттун төрайымы кайсы шайлоо участогунда катталганы белгисиз (tizme.gov.kg сайтында анын аты-жөнү менен маалымат табууга мүмкүн болгон жок). Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайым Аламүдүн районунда добуш берерин гана айтты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button