Садыр Жапаров Улан Ниязбековду кабыл алды


Президент Садыр Жапаров кечээ, 28-январда Ички иштер министри Улан Ниязбековду кабыл алды.

Министр өлкөдөгү кылмыштуулук жана анын алдын алуу аракеттери жөнүндө мамлекет башчыга маалымат берип жатып, кылмыштуулук дээрлик 69% азайгандыгын билдирди.

Жолугушууда президент Садыр Жапаров министрге коомдук коопсуздукту чыңдоого, ведомствонун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана кадрларды даярдоо системасын мындан ары жакшыртууга багытталган бир катар тапшырмаларды берди.